Mbank’тын акциялары кымбаттап, 13 млн сомго сатылды

11 апреля 2024, 17:36

Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасынын экинчилик рыногунда Кыргызстан Коммерциялык Банкынын (Мбанк) 1,3 млн жөнөкөй акциясы сатылды. Маалымат КФБнын сайтына жарыяланды. 

Жалпысынан 13 млн 30 сомдук үч бүтүм түзүлгөн. Акциялардын сатуу баасы бардык операциялар боюнча 10 сомду түздү.

Эске салсак, Мбанктын акцияларын жайгаштыруу баасы 5 сомду түзөт. Ошентип, акциялар базар баасынан жогорку баада сатылган.