«ТНК Дастандын» акциялары Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү

15 июня 2022, 14:48

"ТНК Дастан" ачык акционердик коомунун баалуу кагаздарын кармоочулардын тизмесине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Республиканын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-майындагы “Мамлекеттик үлүшү бар айрым коомдордун акционерлеринин катарын алуу боюнча Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу функцияларын өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында, "Дастан ТНК" ААКнын акционери алмашты.

Алсак, Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан Санариптик өнүктүрүү министрлигине жалпы баасы 11 миллион 180 миң 120,46 сомду түзгөн 9 миллион 839 миң 57 нуска жөнөкөй аталыштагы акциялар өткөрүлүп берилди.

Ошентип, санариптик өнүктүрүү министрлиги расмий түрдө "ТНК Дастандын" 98,46% акциясына ээ.

Кошумчаласак, акцияларды өткөрүп берүү операциясы 13-июнда аяктаган.