“Бишкексүттүн” акционери баалуу кагаздардын үлүшүнөн дээрлик бир млн сом тапты

23 февраля 2022, 09:03

22-февралда Кыргыз фондулук биржасынын системасында «Бишкексүт» ААКсынын акциялары менен ири бүтүм катталды. Бул тууралуу маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.

Соодалардын жыйынтыгында акционердик коомдун 738 даана баалуу кагаздары сатылган. Бүтүмдүн жалпы суммасы 959,4 миң сомду, бир баалуу кагаз 1,3 миң сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, «Бишкексүт» ААКсынын жүгүртүүдөгү акцияларынын жалпы көлөмү - 2 млн 941 миң 416 даана.