Матыев «Фармациядагы» менчик үлүшүн көбөйтүүдө

31 мая 2023, 14:35

"Фармация" ААКнын акционери Нурланбек Матыев компаниядагы үлүшүн көбөйттү. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Алсак, эгер мурда ага 868 миң 508 акция (81,3129%) таандык болсо, өзгөртүүдөн кийин уставдык капиталдагы үлүш 81,3145% га чейин өскөн. Акциялардын саны 868 миң 525 даананы түздү. Өзгөртүүлөр 25-майдан тарта күчүнө кирет.

Эске салсак, буга чейин 19-апрелде эле ал үлүшүн 81,3091%дан 81,3129%га көбөйткөн.