«Кыргызнефтегаздын» акциялары акыркы келишимдин баасынан үч эсе жогору сунушталууда

7 марта 2022, 15:31

Кыргыз фондулук биржасынын котировкасында "Кыргызнефтегаз" ААКнын акцияларын сатуу боюнча сунуш киргизилди.

Тактап айтканда, акционер жалпы суммасы 298 540 сомдук компаниянын 1265 даана баалуу кагаздарын сатыкка койгон. Ал баалуу кагаздардын нускасына 236 сомдон сураган.

Белгилей кетсек, бул баа 18-февралда "Кыргызнефтегаздын" акциялары менен акыркы келишим боюнча белгиленгенден үч эсе жогору. Анда кагаздын баасы 76 сом болгон.