«Манас» ААКнын акционери баалуу кагаздар үчүн 1,2 млн сомдон ашык каражат тартууну пландаштырууда
“Манас” аэропортунун акционери аба портунун баалуу кагаздарын сатыкка койду. Сунуш Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жайгаштырылган.
Акциянын ээси 1 миң 427 баалуу кагазды сатыкка чыгарды. Анын баасы 1 миллион 241 миң 490 сомго, же бир акцияга 870 сомго бааланган.
Кошумчалай кетсек, акыркы бүтүмгө салыштырмалуу аба майдандын баалуу кагаздарынын наркы 710 сомду түзүп, жыл башынан бери +118,46% түздү.