«Дастан» ТУКнын акционери баалуу кагаздардын пакетин сатыкка койду

10 января 2022, 11:49

Бүгүн, 10-январга карата Кыргыз фондулук биржасынын котировкалар бөлүмүндө  “Дастан” ТУК ААКнын акциялары сатылууда. Бул тууралуу маалымат биржанын сайтында жарыяланды.

Жарыяланган сунушка ылайык, акционер жабык акционердик коомдун 370 баалуу кагазын сатууну чечкен. “Дастан” ТУКнын бир акциясынын баасы 200 сом деп белгиленген. Муну менен, сунуш 74 миң сомго бааланган.

Ошол эле учурда компаниянын баалуу кагаздарын сатып алууну каалагандар каршы сунуш киргизишти, тактап айтканда, бир нускасын 45 сомдон 50 акция сатып алуу, башкача айтканда суралган суммадан 77,5% төмөн.

Эскерте кетсек, “Дастан” ТУКнын баалуу кагаздарынын негизги кармоочусу Мамлекеттик мулктү башкаруу фондунун маалыматы боюнча, уставдык капиталда мамлекет 98,46% үлүшкө ээ болуп саналат. Калган үлүштөр 969 жеке жана юридикалык жактарга бөлүштүрүлгөн.