“Манас эл аралык аэропорту” ААКтын акционери 865 миң сомдук пакетти сатыкка койду

19 января 2022, 09:57

Кыргыз фондулук биржасынын котировкасында “Манас” эл аралык аэропортунун акциясын сатуу сунушу түшкөн. Бул тууралуу маалымат биржанын сайтына жарыяланды.

Тактап айтканда, акционер ачык акционердик коомдун миң баалуу кагазынын бир нускасын 865 сомдон сатыкка койгон. Муну менен пакеттин баасы 865 000 сомго бааланган.

Белгилей кетсек, акыркы келишимдин жыйынтыгы боюнча “Манас эл аралык аэропорту” ААК акцияларынын бир нусканын баасы 870 сомду түзгөн (2021-жылдын январына салыштырмалуу +167,7%).