«Кыргызстан» банкынын акционерлери 1,4 миң баалуу кагаз сатышты

18 ноября 2021, 11:12

Кыргыз фондулук биржасынын системасында 16-ноябрь күнү “Кыргызстан” коммерциялык банкынын баалуу кагаздарын сатуу боюнча бир эле учурда эки бүтүм катталды. Бул тууралуу маалымат биржанын сайтында жайгаштырылды.

Жалпысынан эки бүтүмдүн алкагында акционерлер банктын 1451 баалуу кагазын 8155 сомго сатышкан. "Кыргызстан" коммерциялык банкынын акцияларынын баасы бир акцияга 5 сомдон 6,8 сомго чейин өзгөрдү.