«ФинансКредитБанктын» акционерлери кезексиз жыйынга чогулат

3 февраля 2022, 09:48

24-февралда “ФинансКредитБанктын” акционерлери кезексиз жалпы жыйынга чогулат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Акционерлер бир катар маселелерди талкуулашат. Анын ичинде, эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү, Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүн шайлоо жана “ФинансКредитБанк” ААКнын директорлор кеңешинин жаңы шайланган мүчөсүнө төлөнүүчү сый акынын өлчөмүн бекитүү каралат.

Кошумчалай кетсек, буга чейин банк башкармалыктын жана директорлор кеңешинин курамына өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирген. Алсак, 1-февралдан тарта банктын жаңы жетекчиси болуп Эрмек Алчиев дайындалган.