«ФинансКредитБанк» 2022-жылдын пайда жана чыгымын талкуулайт

9 марта 2023, 14:01

“ФинансКредитБанк” ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу 30-мартта болот. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Күн тартибинде тогуз маселе бар.

Алардын негизгилеринин бири банктын 2022-жылдагы кирешеси менен чыгашасын бөлүштүрүү, ошондой эле директорлор кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү болот.

Мындан тышкары, жыйында эсептөө комиссиясынын курамы бекитилип, 2023-жылга финансылык отчеттуулуктун аудити үчүн "ФинансКредитБанк" ААК аудитордук уюм тандалат.