Кепилдик фондунун акционерлери жаңы бюджетти бекитүү үчүн чогулушат

8 июня 2023, 12:21

Ушул жылы 20-июнда Кепилдик фондунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болот. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Акционерлердин чогулушуна күн тартибиндеги үч негизги маселе себеп болду. Алардын арасында фонддун быйылкы жылга такталган бюджетин бекитүү, текшерүү комиссиясы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана "Кепилдик фонду" ААКнын текшерүү комиссиясынын мүчөсүн шайлоо.

Жыйынга 12-июнга карата аракеттеги акционерлер катышары такталды.