«Керемет Банктын» акционерлери финансылык отчетту кабыл алышты

4 сентября 2023, 16:51

“Керемет Банктын” акционерлери 29-августтагы жалпы чогулушунда банктын 2022-жылдагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча башкармалыктын отчетун бекитишти. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Ошондой эле, “Керемет Банктын” 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча башкармалыктын отчёту жана финансылык отчету, анын ичинде жылдык балансы, пайда жана чыгашалар эсеби бекитилди.

Мында банктын финансылык отчеттуулугун текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча көз карандысыз аудиттин корутундусу эске алынган.

Банктын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясынын курамына: Андрей Кузин ("Регистр" ЖЧКсынын өкүлү), Чолпон Кудайбергенова (корпоративдик катчынын милдетин аткаруучу) жана Айпери Самарбекова ("Керемет Банк" ААК башкармалыгынын катчысы) киргендигин кошумчалайбыз.