«Керемет Банктын» акционерлери 2021-жылга аудитордук компанияларды тандашты

2 сентября 2021, 13:51

27-августта "Керемет Банк" ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү. Күн тартибинде беш маселе каралды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Жыйында акционерлер аудиторлорду тандашты. Ошентип, банктын ушул жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча финансылык отчеттору "КПМГ Бишкек" маалымат системалары - "Бейкер Тилли Бишкек" ЖЧКсы тарабынан текшерилет. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдүн суммасы айтылган жок.

Мындан тышкары, компаниянын акцияларынын ээлери "Керемет Банктын директорлор кеңеши жөнүндө" ААКтын жаңы редакциясын жактырышып, банктын уставына өзгөртүүлөрдү киргизишти.