«Оптима Банктын» акционерлери директорлор кеңешин мөөнөтүнөн мурда алмаштырууга камданышууда

14 июля 2022, 09:55

“Оптима Банк” ААКсынын акционерлери кезексиз жыйынга чогулат. Анда банктын директорлор кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралат. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Мындан тышкары, кезексиз жыйындын күн тартибине директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрүн шайлоо маселеси киргизилген.

Жыйын 1-августка белгиленди.

Белгилеп кетсек, “Оптима Банктын” директорлор кеңешинин учурдагы төрагасы Нурдаулет Айдосов 2022-жылдын 14-апрелинде шайланган.