«Оптима Банктын» акционерлери уставдык капиталды көбөйтүүнү жактырышты

1 июня 2023, 12:49

“Оптима Банктын” акционерлери 25-майдагы кезексиз жалпы чогулушунда уставдык капиталды көбөйтүү чечимин кабыл алышты.

Атап айтканда, алар банктын жүгүртүүдөгү акцияларынын санын көбөйтүүнү жактырышты. Ошону менен бирге, чогулуштун протоколуна ылайык, банктын акционерлеринин арасында баалуу кагаздарды жайгаштыруу жабык болот.

Акциялардын көбөйүшүнө байланыштуу "Оптима Банк" уставынын жаңы редакциясын бекитип, мамлекеттик органдардан кайра каттоодон өткөрөт.

Кошумчалай кетсек, апрель айынын аягында банктын уставдык капиталы 1 миллиард 50 миллион сомду, бөлүштүрүлбөгөн кирешеси 8 миллиард 418,7 миллион сомду түзгөн.