Акционерлер «Манас» аэропортунан жыл аягында 3,3 млрд сом киреше күтөт

23 ноября 2021, 09:12

"Манас" аэропортунун акционерлери кезексиз жыйынында 2021-жылга карата бюджетти өзгөртүү менен бекитти. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Ушул жылдын жыйынтыгы боюнча аба портунун кирешеси 6 миллиард 453,5 миллион сом, чыгашасы 3 миллиард 152,3 миллион сом өлчөмүндө бекитилген. Компаниянын кирешеси 3,3 миллиард сомду түзөрү күтүлүүдө. Ошентип, аэропорт кризистен чыгып эле тим болбостон, пандемияга чейинки көрсөткүчтү да жакшыртат (2019-жылдын жыйынтыгы боюнча таза кирешеси 2 108 254 000 сомду түздү).

Белгилей кетсек, буга чейин акционерлер 2021-жылдын бюджетин 541 миллион 216 миң сом киреше менен бекиткен, башкача айтканда, жаңы отчеттогудан алты эсе аз.