Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери кызматтан алынды

5 мая 2021, 09:01

Баткен облусунун Баткен районунун акими Акылбек Орозов жана Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. 

Белгилей кетсек, Акылбек Орозов Баткен облусунун Баткен районунун акими болуп ушул жылдын 21-февралында дайындалган.