Коррупцияга каршы кызмат жоюлат - Жапаров

23 июня 2021, 11:55

Садыр Жапаров ишкерлер коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюу ниетин билдирди.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарын ишкерлерге каршы козголгон кылмыш иштери үчүн сынга алып, көптөгөн арыздануулардан улам Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) жоюлгандыгын эске салды.

"Мындай чечим бизнести коргоо максатында кабыл алынды. Жакында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлат. Учурда тиешелүү жарлык даярдалууда", - деди мамлекет башчысы.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы 2011-жылы түзүлгөн.