АКШ мектепке чейинки билим берүү системасына 3 млн доллар бөлөт

31 октября 2023, 14:33

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанда мектепке чейинки тарбиялоо системасын жакшыртууга 3 млн доллар бөлүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өткөн балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоордун ачылышында айтылды. 

Маалыматка ылайык, аталган долбоорду Билим берүү жана илим министрлиги Ага Хан фонду менен бирге ишке ашырууда. 

Долбоордун алкагында ишкер аялдарга балдарды өнүктүрүү борборлорун ачууга мүмкүнчүлүк түзүлөт, үч жыл аралыгында 100дөн ашуун мектепке чейинки тарбиялоо борборуна колдоо көрсөтүлүп, 700дөй тарбиячы жана мугалим окутулат. 

Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө мектепке чейинки курактагы балдардын 75%дан ашыгы бала бакчага барбайт.