Аксы окуясы: жөлөкпулдарды көбөйтүү сунушталды

20 сентября 2023, 14:35

Эмгек министрлиги Аксы окуясында каза болгондор жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жөлөкпулдарды көбөйтүүнү сунуштоодо.

Бүгүнкү күндө 20 адам төлөмдөрдү алып жатат. Сумма айына 3 миң 700 сомду түзөт.

Мекеме баалардын көтөрүлгөнүнө карабастан, жөлөк пулдун көлөмү өзгөрбөгөнүн белгилейт. Ошондуктан төлөмдөрдү 4,5 миң сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.

Токтом долбоору талкууга коюлду.