Аксы окуясында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жөлөк пул көбөйтүлдү

27 марта 2024, 09:30

2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болгон окуялардын натыйжасында каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлө мүчөлөрү төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу кайра эсептелди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, кошумча социалдык жөлөк пулдардын бул түрүнүн өлчөмү 3 миң 700 сомдон 4 миң 500 сомго чейин көбөйтүлдү.

Быйылкы жылдын март айында министрлик тарабынан 20 жөлөк пул алуучуга кайра эсептөөнү эске алуу менен 186,9 миң сом төлөндү.