Аксыда 3,8 млн сомго электр тармактарынын бөлүмдөрү ачылды

22 мая 2023, 13:40

Жалал-Абад облусундагы Аксы райондук электр тармактар ​​ишканасында Ринжит жана Кызыл-Туу бөлүмдөрү ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактар ​​ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери былтыр күзүндө башталган. Курулуш боюнча тендерди “Жалал-Абад Айыл Энерго” ишканасы уткан. Объектилердин ар бири 1 млн 900 миң сомго бааланган.

Белгиленгендей, Аксы районунда жалпысынан 20 миң 829 абонент жашаса, анын 18 миң 670и тиричилик керектөөчүлөрү. Алсак, Ринжит аймагында 2 миң 528, Кызыл-Туу боюнча 4 миңге жакын абонент бар.