Жыл ичинде Улуттук банктын активдери 14,4% өстү

28 ноября 2022, 10:27

Улуттук банктын активдери октябрдын аягында 350 миллиард 92,8 миллион сомго бааланды. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди. 

Улуттук банктын активдеринин басымдуу бөлүгүн накталай акчалар, банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер (жалпы көлөмдүн 34,9%) жана монетардык эмес алтын жана баалуу металлдардагы камдар (33,8%) түзөт.

Кошумчалай кетсек, жыл ичинде жөнгө салуучу органдын активдери 306,06 млрд сомдон 14,38%га, же 44 млрд сомго көбөйгөн.