«Аква Пром» жана «Тянь-Шань-Фиш» ишканалары Россияга балык экспорттойт

2 мая 2023, 12:30

Текшерүүнүн негизинде Кыргызстандагы “Аква Пром” жана “Тянь-Шань-Фиш” ишканаларынан Россиянын аймагына балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Ошондой эле, Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын дарегине “Нурагрорыбпром” ЖЧК жана “Дары Природы” ЖЧК ишканалары боюнча мыйзам бузууларды жоюу боюнча түзөтүүчү иш-чаралардын жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган материалдар жөнөтүлдү. 

Эске салсак, Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы тарабынан ЕАЭБ талаптарына жооп бербейт деген жүйөө менен 2023-жылдын 16-февралынан тартып Кыргызстандан Россияга балык жана балык азыктарын экспорттоого убактылуу чектөө киргизилген.