Акылбек Жапаров Германиядан келген инвесторлор менен жолугушту

7 марта 2024, 13:00

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиядан келген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Делегация Кыргызстанга кызматташтыкты улантуу жана өнүктүрүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы өлкөнүн потенциалын изилдөө максатында келген. Немис ишкерлери 2023-жылдын ноябрында Гамбург шаарында Германиядагы Кыргыз экономикасынын күнүнүн алкагындагы иш-чараларга катышты.

Тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү, атап айтканда, күн электр станциясын куруу жана мындан аркы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты.