Акылбек Жапаров иш сапары менен Алматыга келди
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстандын Алматы шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Акылбек Жапаров иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына жана “Digital Almaty 2024: Индустрия X” эл аралык санарип форумуна катышат.
Мындан тышкары, ал бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.