Акылбек Жапаров Баткендеги гумжардамдын эсебин катуу жүргүзүүгө убада берди

20 сентября 2022, 13:12

Баткенге жардам катары 70 миллион сомдон ашык каражат чогулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал белгилегендей, бардык гуманитардык жардамдардын эсеби жүргүзүлүп, макарондун акыркы килограммына чейин, өсүмдүк майынын акыркы литрине чейин бардыгы эске алынып, муктаждарга жеткирилип жатат.

"Жаңжал учурунда 124 миңден ашык адам эвакуацияланган. Мунун аркасында карапайым калктын жоготуулары душман күткөндөн алда канча аз болду", - деди ал.

Эске салсак, кыргызстандыктар Баткенде жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке каражат топтоп, гуманитардык жардам да чогултулуп жатат.