Акылбек Жапаров «Бала-Саруу» ГЭСи курула турган Киров суу сактагычына барды

22 января 2022, 09:09

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын биринчи күнүнүн соңунда Талас облусунун Чоң-Капка капчыгайындагы Киров суу сактагычында болуп, жаңы «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышты.

«Бала-Саруу» гидроэлектростанциясын куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератордон турган, жылына орточо 92 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуучу ГЭСти курууну болжолдойт.

Станцияны курууга Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 22,9 млн доллар бөлүнгөн. Учурда жабдууларды сатып алууга тендер жарыяланган