Акылбек Жапаров Жерүй кенине барды

22 января 2022, 14:52

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кенине бардыБул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда министрлер кабинетинин башчысы алтын чыгаруучу фабриканын иши, кургак калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышып, ошондой эле алтын кен комбинатынын эмгек жамааты менен жолугушту. 

Белгилесек, ишканада 1367 жумушчу орун түзүлгөн, мында кызматкерлердин 97%ы кыргыз жарандары, алардын 70%ы – Талас облусунун тургундары болуп  саналат.