Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

9 января 2022, 09:43

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жыйын өткөрдү.

Тиешелүү министрликтин башчысы Азамат Жаманкулов өлкөнүн тарыхый-маданий жана жаратылыш баалуулуктарынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча маалымат берди.

"Биз экономиканын приоритеттүү тармагы – туризмди өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, туристтер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Туристтик объекттерге алып баруучу бардык жолдор аларды андан ары реконструкциялоо жана тейлөө үчүн Транспорт министрлигинин балансына өткөрүлүүгө тийиш. Туризмдин билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу артыкчылыктуу багыттарына жана туризмдин башка түрлөрүнө басым жасашыбыз керек", - деди министрлер кабинетинин башчысы. Ошондой эле, ал жакында эле Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук агенттик түзүлгөнүн эске салды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.