Акылбек Жапаров Өзбекстандын «UzAuto Motors» заводуна барды

8 марта 2023, 17:30

Өзбекстанда жумушчу сапары менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Асака шаарындагы (Анжиян облусу) "UzAuto Motors" акционердик коомунун заводундагы өндүрүш процесси менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өндүрүш менен таанышуу учурунда Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүнүн алкагында өнөр жай кооперациясын жайгаруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында бул багытта алгачкы кадамдар жасалды.

"Мындан ары түзүлгөн келишимдерди жакын арада ишке ашыруу максатында "UzAuto Motors" заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу гана керек", - деп айтылат маалыматта.