Акылбек Жапаров Петербургдагы экономикалык форумда сөз сүйлөйт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумга катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров “Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты” панелдик сессиясында сөз сүйлөйт.
Форум алкагында министрлер кабинетинин башчысы бир катар компаниялардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.
Маалымат үчүн: Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форум туруктуу өнүгүүнү камсыздоо максатында глобалдык экономиканын негизги маселелерин талкуулоо жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана компетенцияларды алмашуу үчүн эл аралык аянтча болуп саналат.