Акылбек Жапаров жана Илон Маск чогуу саммитке катышат

13 февраля 2023, 09:51

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров Дүйнөлүк өкмөт саммитине катышат (World Government summit). Саммиттин алкагында ал “Туруктуу өнүгүү максаттары аракетте”, “Ылдам берүүчү диалогдорду тездетүү” панелдик сессияларында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Ошондой эле, саммитте  “SpaceX” жана “Tesla” компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, “Meta” компаниясынын өкүлдөрү, БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш сөз сүйлөйт.