Акылбек Жапаров курулуш компанияларын жарандардан түз акча албоого чакырды

19 июля 2022, 11:47

Мындан ары жарандар курулуш компанияларына түз акча төлөбөшү керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек өтүп жаткан коррупцияга каршы координациялык кеңешменин​ жүрүшүндө билдирди.

“Бул акчаны банктарга депозитке салышсын. Ал эми алардын батири даяр болуп, курулуш компаниясы ачкычын жана кызыл китебин бергенден кийин акчаны ушул депозиттен которсо болот. Бул дүйнөлүк практика”, - деди Жапаров.

Ал белгилегендей, азыр курулуш компаниялары батирдин бардык акчасын бир кардардан, 20-30% башкалардан алып, жаңы курулуштарды башташат.

Өкмөт башчы Мамкурулушка курулуш компанияларына ревизия жүргүзүүнү тапшырды.