Ооруканага жаткырылган Акылбек Жапаровдун абалы кандай экени айтылды

28 апреля 2022, 16:25

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ден соолугунун абалы туруктуу, канааттандырарлык. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жатуу шартында калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

“Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедуралары инфаркт миокардды тастыктаган жок, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган”, - деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек. министрлер кабинетинин башчысы бүгүн эртең менен М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу келип түшкөн.