«Акылдуу эсептегичтер» элди алдайт деген пикирди  ААК «Түндүк электр» ишканасы четке какты

7 января 2020, 10:25

Социалдык тармактарда «Акылдуу эсептегичтер» жарандарды алдайт деген билдирүүнү  ААК «Түндүк электр» ишканасы четке какты. Ишкананын берген маалыматына караганда, жакын арада Бакай-Ата, Кара-Жыгач, Көк-Жар конуштарында, «Акылдуу эсептегичтер» орнотулгандан бери электр энергия 20 пайыздан 10 пайызга чейин үнөмдөлгөн. 

«Буга чейин,  электр энергияны нормадан ашык колдонгондор, «Акылдуу эсептегичтин» жардамы менен энергиянын балансын азайта алышты. Жабдык Мамлекеттик стандарт сертификатынан өткөн жана эл аралык стандарттарга жооп берет», деп жазылат маалыматта.