«Акыркы коңгуроо» салтанатында акча чогултууга тыюу салынды

26 апреля 2024, 09:20

"Акыркы коңгуроо" салтанатында акча чогултууга тыюу салынды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мындай буйрук бардык билим берүү мекемелерине тиешелүү.

Ага ылайык, мектеп директорлоруна бүтүрүүчүлөрдөн жана алардын ата-энелеринен майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө акча чогултууга болбойт.

Кыргызстанда "Акыркы коңгуроо" 25-майда өтөт.