Соңку 10 жылда Кыргызстанда коррупциянын деңгээли жогорулаган

7 февраля 2024, 11:15

Эл аралык Transparency International уюму 2023-жылга карата коррупцияны кабылдоо индексин (CPI) жарыялады. Бул жолу Кыргызстан 100 упайдан 26 упай алып, 180 өлкөнүн ичинен 141-орунга ээ болду.

Transparency International уюмунун Коррупцияны кабылдоо индекси (CPI) ар түрдүү өлкөлөрдүн мамлекеттик секторундагы коррупцияны кабыл алуунун деңгээлин өлчөөчү индекс. Ал дүйнө жүзү боюнча көз карандысыз уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн эксперттердин жана ишкерлердин сурамжылоосунун негизинде түзүлүп, 1995-жылдан бери жыл сайын чыгарылып келет. Өлкөлөр 0дөн 100гө чейинки шкала боюнча жайгаштырылат, нөл - коррупциянын эң жогорку деңгээли, ал эми жүз - эң төмөнкү.

CPI 2023 рейтингин Дания (90), Финляндия (87) жана Жаңы Зеландия (85) жетектейт. Акыркы орунду Сирия, Венесуэла (13) жана Сомали (11) ээлеген.

"Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан (39) жана Өзбекстан (33) алдыңкы орунда. Казакстан былтыркыдан үч упайга, ал эми Өзбекстан эки упайга көп алган. Эң төмөн көрсөткүч Тажикстанда (20) жана Түркмөнстанда (18)", - деп айтылат маалыматта. 

Бул таблица Кыргызстандагы 2012-жылдан 2023-жылга чейинки коррупциянын деңгээлин көрсөтөт. Таблицага таянсак, Кыргызстанда он жыл ичинде коррупциянын деңгээли жогору болуп, акыркы төрт жылда бир топ начарлап кеткен.