«Алга кадам» ирригациялык каналын курууга 100 млн сом бөлүнөт

13 декабря 2023, 12:15

Бийлик “Алга кадам” ирригациялык каналын курууга дагы 100 миллион сом бөлөт. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Баткендеги каналдын жалпы узундугу дээрлик 25 километр болот.

Ал үч тоннелден турат жана жетүүгө кыйын аймактагы 4 миң гектардан ашык жерди сугат суусу менен камсыз кылат.

Долбоордун идеясы жергиликтүү тургундарга таандык.

Курулуштун жалпы суммасы 3 миллиард сомго бааланып, мамлекет жана ишкерлер тарабынан каржыланууда.

Каналдын курулушу өткөн жылдын апрель айында башталган. Объектти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.