Алимжан Байгазаков Эсеп палатасынын аудитору болуп шайланды

17 мая 2023, 11:40

Жогорку Кеңеш Алимжан Байгазаковду Эсеп палатасынын аудитору кылып шайлады. Ага 75 депутат добуш берди.

Белгилеп кетсек, анын талапкерлигин “Альянс” фракциясы сунуштаган.

Ал эми “Ишеним” фракциясы Эсеп палатасынын аудиторлук кызматына талапкер Алмазбек Тажиевдин талапкерлигин алып салды.

Добуш берүү электрондук түрдө өттү.