Кытайдын дүкөн текчелеринде Кыргызстандын спирт ичимдиктери пайда болду

27 мая 2021, 16:30

“Настроение V” жана “Maaнай V” маркаларындагы алкоголдук ичимдиктердин биринчи партиясы Кытай Эл Республикасына "Кур жана жол" демилгесинин алкагында экспорттолгон. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин сайтында жазылды.

Учурда “Ордос” аймагына Кыргызстандан 10 тонна жогорку сапаттагы продукция жеткирилди. Товар Цзянсу, Чжэцзян, Гуандун, Түндүк-Чыгыш жана Кытайдын башка аймактарына жөнөтүлөт.

Бул жылы ата мекендик "Mаанай V" бренди International Spirits Challenge 2021 (Улуу Британия) мелдешинде алтын алгандыгы белгиленди.