Бейшеналиев Билим берүү жана илим министри кызматынан кетти

3 октября 2022, 17:18

Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, буга чейин Бейшеналиев 110 миң доллар пара алган деген шек менен кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.