Парламентте орус газына альтернатива маселеси көтөрүлдү

28 сентября 2022, 11:33

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында депутат Мирлан алдыдагы кышка даярдык маселесин көтөрдү.

“Кыш босогодо. Табият биз саясатты бүткүчө күтпөйт. Кышка даярдыгыбыз начар. Жазында кам көрсөк болмок. Баалар жогору. Ал эми Орусия саясий абалынан улам кычыраган кышта газды токтотуп койсо эмне кылабыз? Мындай учурда альтернативалуу жолду ойлогон адам барбы?”, - деди эл өкүлү.

Белгилеп кетсек, республиканы жаратылыш газы менен негизги камсыздоочу Россиядагы суюлтулган газды эң ири өндүрүүчү жана экспорттоочунун туунду компаниясы “Газпром Кыргызстан” болуп саналат.