Алтын казуунун формуласын иштеп чыгуу керек

19 марта 2021, 13:00

Алтын казуунун формуласын иштеп чыгуу керек. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиев «Кумтөргө» барган учурда билдирди. 

 

Иманалиевдин айтымында, калдыктар кайра иштетилген соң кошумча дагы 106 тонна алтын өндүрсө болот. 

Андан сырткары, комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров уулуу заттарды сактоо, эмгек акылар жана жөлөкпулдар, компаниянын кызматкерлеринин ден-соолугун коргоо боюнча бир катар сунуштарды берди.

Андан сырткары мамлекеттик комиссия 18 сааттык жумуш убактысын, 6 саатка кыскартуу сунушун берген.