Кыргызстанда жыл башынан бери 7 тонна алтын казылды

7 июня 2019, 11:50

2019-жылдын башынан бери алтын өнгдүрүү 50% жогорулаган. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктары боюнча мамлекеттик  агентиктин төрагасынын орун басары  Мырза Жаманбаев билдирди. 

Алтын өндүрүү «Кумтөрдү»  кошкондо жети тоннага жеткен. 

«2019-жылдын төрт ай аралыгында алтын өндүрүү 50% жогорулады. «Кумтор»  алтын кени алты тонна алтын казса,  «Алтынкен» бир тонна алтын өндүргөн. Ал эми 2018-жылы Кыргызстандагы жалпы алтындын өндүрүмү 16,6 тоннага жеткен»-деп билдирди Мырза Жаманбаев. 

 

Ошол эле учурда, 470 миң тонна көмүр казылып, ал былтыркы ушул маалга салыштырмалуу  26-30% жогору. Ал эми 55 миң тонна нефти дагы алынганын билдирди.