Алтынбек Сулайманов өкмөттөн күйүүчү майдын баасын арзандатууну талап кылды

15 апреля 2020, 17:00

Жогорку Кенештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин бүгүнкү жыйынында Кыргызстанда дизель, бензин, солярканын арзандабай жатканын сынга алды.

«Бүт дүйнөдө тамак-аш кымбаттап, башка нерсенин баары арзандады. Алардын ичинде нефть да бар. Бирок бизде бензиндин баасы түшкөн жок. Жазгы талаа жумуштары башталып жатат, дизель, бензин, солярка эмнеге арзандабайт? Эмнеге «Газпром» менен сүйлөшүп дүйнөлүк баага келтире албайсынар?»

Эл өкүлүнүн суроосуна вице-премьер-министр Эркин Асрандиев төмөнкүчө жооп берди:

«ГСМ боюнча бааларга көзөмөл жүрүп жатат. Жылдын башында солярка 45 сом 50 тыйын болсо, азыркы учурда «Газпорм» 42 сом 90 тыйындан сатып жатат. Жалпысынан көзөмөл кылып көрсөк 1-1,5 сомго чейин баалар арзандап жатат. Мындан ары да сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт».