«Альянс» акча алмаштыруу бюролору ассоциациясынын төрагасы алмашты

4 октября 2023, 16:50

"Альянс" акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясына жаңы жетекчи шайланды. Бул тууралуу “Акчабарга” аталган бирикменин мурдагы төрагасы Думан Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, "Альянс" акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын жаңы төрагасы болуп “Ваш Надежный Партнер” акча алмаштыруу бюросунун жетекчиси Марс Смайылбеков дайындалды.