«Алтын Альянс» Талас облусунун жашоочуларына азык-түлүктөрдү таратат

27 марта 2020, 14:10

Талас облусунун 277 жашоочусуна, ОсОО «Алтын Альянс» жалпысынан 831 миң сомго бир каптан ун жана күрүчтү жардам катары таратты. Бул тууралуу компаниянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Жаныкулов билдирди. 

Анын айтымында, буга чейин компания тарабынан коронавируска каршы күрөшүү үчүн Талас облусуна  16 млн сом которулган. Анын ичинен 6 млн сом коронавирус илдетин аныктоочу тесттерди алууга бөлүнгөн. Медицина кызматкерлерине коргонуучу каражаттар, беткап, кол кап жана резина бут кийимдер берилген. 

Андан сырткары, «Алтын Альянс» тарабынан облусту дезинфекциялоого  3.5 тонна хлор алынган. 

Белгилей кетсек, «Алтын Альянс» Талас облусундагы кен казуучу Жерүйдү иштетет.