«АМАНБАНК» микрофинансылык компания катары иштей баштайт

7 февраля 2024, 10:58

“АМАНБАНК” ААК микрофинансылык компанияга айланат. Мындай чечимди акционерлер 30-январдагы кезексиз жалпы чогулушта кабыл алышты.

Ошентип, акционерлердин банктын ишин өзгөртүү жана микрофинансы компания катары кайра каттоо жөнүндө чечими жактырылды.

Юстиция органдарында кайра каттоодон өтүүгө макулдук алуу үчүн Улуттук банкка арыз берилет, жаңы микрофинансылык компания уставын жана бизнес-планын бекитет.